26/11/2025
Урматтуу шайлоочулар, кымбаттуу достор!
Менин атым Бермет Курманбекова, 20-округдан, тизме боюнча 2-номурдагы талапкермин.
Көп жыл журналист болуп иштеп, эң маанилүүсү - адамдардын үнүн угууну үйрөндүм. Алардын чыныгы турмушун, үмүтүн, кыялдарын билем.
Учурда мурдагы эле көйгөйлөр жылдар бою чечилбей, эл куру убададан чарчаганын көрүп турам.
Бүгүн мына ушул көйгөйлөрдүн чечимин чогуу издөө үчүн - ушул жердемин. Мен саясат кооз сөздөрдөн эмес, ар бир адамга, ар бир үйгө, ар бир добушка болгон урмат-сыйдан башталарына ишенем.
Эгер мен депутат болуп калсам, элдин үмүтү, кыялдары ишке аша турган мыйзамдарды кабыл алуунун үстүндө иштейм. Пенсия, пособия, балдарга, карыларга болгон камкордук жеткиликтүү болушуна жан үрөп аракет кылам .
Сиздерге колдооңуздар жана өзгөрүүгө болгон бекем ишенимиңиздер үчүн чоң рахмат!
СИЗДИН КОЛДООҢУЗ МЕН ҮЧҮН АБДАН МААНИЛҮҮ!
#БерметКурманбекова | БЮЛЛЕТЕНДЕ №2️⃣ | 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
✅№20 ШАЙЛОО ОКРУГУ (Таш-Дөбө, Арашан, Чокморов, Малиновка, Бир-Булак, Мраморное, Октябрь, Байтик, Кашка-Суу, Арчалы, Башкара-Суу, Виноградное, Васильевка, Кара-Жыгач, Достук, Гроздь, Бирдик, Ленинское, Константиновка, Кайырма, Молдовановка, Беш-Күңгөй, Кой-Таш, Горная Маевка, Кызыл-Бирдик, Манас, Учкун, Маевка, Калыс-Ордо, Лебединовка, Аламүдүн, Эне-Сай, Бакай-Ата, Чоң-Арык).
@подписчики