09/04/2026
Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жугуштуу оорулардын алдын алуу жана тамак аш коопсуздугу боюнча маалымат берилди
Баткен РОАА жана МСЭБ кызматкерлери тарабынан Баткен районунун жана шаарынын мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана ашпозчулары үчүн тамак-аш коопсуздугу, жугуштуу оорулар (кургак учук, кызамык, кутурма), эмдөө жана санитардык талап-эрежелердин сакталышы боюнча семинар-кеңешме өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга тамак-ашты туура сактоо, даярдоо жана бөлүштүрүү эрежелери, жугуштуу оорулардын алдын алуу жолдору, белгилери жана аларга каршы көрүлүүчү чаралар тууралуу кеңири маалыматтар берилүүдө.
Ошондой эле эмдөөнүн мааниси, санитардык нормаларды так сактоонун зарылдыгы баса белгиленип, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилүүдө.
Семинардын негизги максаты – билим берүү мекемелеринде коопсуз шарттарды камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерин күчөтүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги
Департамент профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора МЗ КР
Баткен Шаардык Мэриясы (Баткен Шаарынын Мэриясы)
Баткенский межрайонный центр санэпидем надзора
Asel Koshbaeva
Кадамжай Санэпид Козомол Борбору
Сүлүктү Шаардык Санэпид Бөлүмү
Дыканали Жунусалиев
Прививка Баткен
Ден соолукту чыңдоо борбору
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
Баткен областык кургак учук менен күрөшүү борбору
Баткен Облусу
Гулмира Козубаева
Баткен районундагы жаңылыктар.